Kyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келет
Көңүл буруңуздар! 21-октябрда “Ала-Тоо 1” жана “Ала-Тоо 2” конуштарында суу өчүрүлөт
14.10.2025 | 20:18

2025-жылдын 21-октябрында саат 9:00дөн 15:00гө чейин “Ала-Тоо 1” жана “Ала-Тоо 2” жаңы конуштарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт.
Суу өчүрүү турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге да тиешелүү болот.
Мэриянын маалыматына ылайык, өчүрүү “Ала-Тоо” суу алгычын жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу жүргүзүлүүдө.
“Бишкексууканал” ишканасы жарандардан жана мекемелерден ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүнүп, жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом