Кыргызстандын ИДПсы 2025-жылдын тогуз айында 1,24 триллион сомго жетти

15.10.2025 | 12:12

2025-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) 1,240 триллион сомду түздү. Бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10%га көп.

Сентябрь айында өсүш бир аз басаңдап, биринчи сегиз айдагы 11%дык өсүшкө салыштырганда төмөндөгөн.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, ИДПнын 50%ын тейлөө тармагы, 34,7%ын товардык өндүрүш тармагы, жана 15,3%ын продукцияга таза салыктар түздү.

Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшүн камсыз кылган негизги тармактар:

  • Фармацевтика — 2,3 эсеге;
  • Тамак-аш азыктары, суусундуктар жана тамеки буюмдары — 40,1%;
  • Желим, пластмасса буюмдары жана курулуш материалдары — 31,8%.

Инфляциянын көрсөткүчү 2025-жылдын тогуз айында 8,4%, ал эми керектөө баалары жана тарифтердин өсүшү 5,5%ды түздү.

Scroll to Top