Кыргызстанда фермерлердин жеңилдетилген насыя алуусу үчүн электрондук кезек ишке киргизилди
Суу ресурстары министрлиги «АБанк» ААКсы жана «Элдик Банк» ААКсы менен биргеликте фермерлер үчүн электрондук кезек системасы ишке киргизилгенин жарыялайт. Жаңы санариптик сервис жеңилдетилген каржылоону алууга арналган.
2026-жылдын 15-апрелинде министрлик менен өнөктөш банктардын ортосунда үч тараптуу келишимге кол коюлду. Жетишилген макулдашуулардын алкагында бирдиктүү «iDyikan» платформасынын базасында «Фермерлерди жеңилдетилген насыялоо» атайын модулу ишке берилди. Платформаны Айыл чарба министрлигине караштуу «АгроСмарт» мамлекеттик мекемеси иштеп чыккан.
Жаңы санариптик аянтча аграрийлердин каржы институттары менен өз ара аракеттенүү процессин кыйла жөнөкөйлөтөт. Эми айыл чарба өндүрүүчүлөрү:
- онлайн каттоодон өтө алышат;
- жеңилдетилген насыяларды алууга аралыктан билдирме бере алышат;
- электрондук кезекке тура алышат;
- реалдуу убакыт режиминде билдирмесинин статусун көзөмөлдөй алышат.
Билдирмени төмөнкү шилтеме аркылуу жол-жоболоштурса болот: idyikan.agro.gov.kg.
Тармактык министрлик электрондук системаны киргизүү агроөнөр жай комплексин колдоого бөлүнгөн мамлекеттик каражаттарды бөлүштүрүүнүн ачык-айкындуулугун, даректүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталганын баса белгилейт.
«iDyikan» платформасы фермерлер үчүн бардык зарыл болгон мамлекеттик кызматтарды жана каржы куралдарын электрондук форматта бириктирген бирдиктүү санариптик терезе катары калыптанууда. Жакынкы келечекте «iDyikan» мобилдик тиркемесин ишке киргизүү пландалууда, бул кызматтарга жана жеңилдетилген насыяларга жеткиликтүүлүктү дагы да ыңгайлуу кылат.