Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Бүгүнтөн баштап Бишкекте «АгроТехЭкспо-2025» агроөнөржай көргөзмөсү башталды
17.10.2025 | 14:11

Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта 17–19-октябрда Айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата республикалык «АгроТехЭкспо-2025» агроөнөржай көргөзмөсү жана «Алтын күз» азык-түлүк жарманкеси өтүүдө.
Маалыматка ылайык, көргөзмөдө:
- заманбап айыл чарба техникалары жана кайра иштетүүчү жабдуулар,
- инновациялык агротехнологиялар, үрөндөр, жер семирткичтер, өсүмдүктү коргоочу каражаттар,
- асыл тукум мал жаныбарлары көрсөтүлөт.
Жарманкеде органикалык таза айыл чарба азык-түлүктөрү арзан баада сатылып, республиканын бардык аймактарындагы кайра иштетүүчү ишканалардын продукциялары да эл назарына коюлат. Айтмакчы, Ош, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас, Баткен жана Чүй облустарында өндүрүлгөн бардык товарлар жарманкенин текчелеринде орун алмакчы.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом