Коргоо министрлигинде орус-кыргыз аскердик терминдер сөздүгүнүн презентациясы болду

17.10.2025 | 14:45

Кыргызстанда Коргоо министрлигинде орус-кыргыз аскердик терминдер сөздүгүнүн презентациясы болду

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин борбордук аппаратынын имаратында орус-кыргыз аскердик терминдер сөздүгүнүн презентациясы өттү. Иш-чарага Коргоо министри генерал-майор Руслан Мукамбетов, Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча Улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев, Терминологиялык комиссиянын төрагасы Каданбай Бактыгулов, Кыргыз энциклопедия жана терминология борборунун директору Темирбек Осмоналиев, Жогорку Кеңештин Аппаратындагы которуу, редакциялоо жана лингвистикалык кызматтын башчысы Азимжан Ибраимов жана аскер кызматчылары катышты.

Иш-чара учурунда сөздүктүн мазмуну талкууланып, катышуучулар бир катар сунуштарды киргизишти. Бул окуя мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана аскердик терминологияны бирдиктештирүү боюнча маанилүү кадам деп бааланды.

Scroll to Top