Саясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кеттиБишкектеги соода борборлорун жардырам деп билдирүү тараткан жаран кармалдыИнтернет шылуундугу: Жаранды 14 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалдыЫсык-Көлдө көк бөрү оюну учурунда чыккан чырдан бир адам каза таптыАйсулуу Тыныбекова VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын амбассадору болду
Маалым каты жок мал базарга кирбейт — айып пул 17 500 сомго чейин
17.10.2025 | 21:49

Айыл чарба министрлиги мал-жандыктарды ветеринардык маалым каты жок базарга алып келүүгө тыюу салынганын эскертти.
Маалыматка ылайык, мындай учурда жаныбар базарга киргизилбейт, ал эми ээсине 5500 сом, юридикалык жактарга болсо 17 500 сом өлчөмүндө айып пул каралган.
Мындан тышкары, Ветеринардык кызмат айдоочуларга да кайрылып, коштомо документи жок малды ташууга жана базарга алып кирүүгө катуу тыюу салынганын белгиледи.
Маалым кат алуу үчүн:
- кара малдын кулагына бирка тагылууга тийиш;
- жылкылардын денесине чип басылышы керектиги кошумчаланды.