Муниципалдык инспекциянын башчысы Мирлан Таалайбеков прокуратурага чакырылганын айтты

18.10.2025 | 11:15

Муниципалдык инспекциянын башчысы Мирлан Таалайбеков Бишкек шаардык прокуратурасына чакырылганын билдирди. Бул тууралуу ал 17-октябрда өзүнүн соцтармагында айтып чыкты.

Анын айтымында, чакыруу бир жарандын арызынын негизинде, анын аталган кызматка дайындалуусунун мыйзамдуулугун текшерүү үчүн болгон.

“Көптөрү ким тууралуу сөз болуп жатканы түшүнөт деп ойлойм. Эмненин негизинде Бишкек шаарынын Муниципалдык инспекциясынын башчысы болуп иштеп жатканымды текшергилери келишти. Инспекция бир, бир жарым жылдай убакыттан бери иштеп келе жатат, бирок буга чейин эч ким текшерген эмес. Биз мыйзам чегинде иштей баштагандан, баарына тиешелүү протоколдорду толтура баштаганынан жана айрым жогорку кызматтагыларга баш ийүү токтотулгандан кийин мындай кадамдар башталды”,- деп билдирди ал.

Мындан тышкары Таалайбеков “аталган жаран” анын апасынын иштеген ишинин мыйзамдуулугун текшерүүнү чечкенин айтты. Анын айтымында, апасы балдар үйүндө иштейт.

“Бул кызмат мэриянын карамагындагы кызмат экенин түшүнөм, балким ушул себептен текшерүүнү чечишкендир. Бирок эгер мындай иштер мындан ары да уланса, биз дагы тиешелүү чараларды көрүүгө мажбур болобуз. Айтылгандай, эгер мушташуудан качууга мүмкүн болбосо, биринчи сокку уруу керек”,- деп билдирди.

Scroll to Top