Ю. Фучик көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды

Бишкекте Ю. Фучик көчөсүнүн Дэн Сяопин проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, жалпы узундугу 3,2 чакырымды түзгөн Фучик көчөсүн реабилитациялоо үч этап менен жүргүзүлүүдө. Ремонт иштери 11-августта башталып, долбоордун жалпы наркы 277,5 миллион сомду түзөт.
Биринчи этапта Москва көчөсүнөн Дэн Сяопин проспектисине чейинки бөлүк оңдолуп ачылган. Бүгүн аяктаган экинчи этап Дэн Сяопин проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейинки аралыкты камтыйт. Үчүнчү этап — Жибек Жолу проспектисинен Аска-Таш көчөсүнө чейинки бөлүк — ноябрь айынын аягына чейин бүткөрүлүшү пландалууда.
Оңдоп-түзөө иштеринин алкагында жолдун үстү толугу менен жаңыланып, фундамент бекемделди, бордюрлар жана ирригациялык система орнотулду.