Алматыда Борбор Азия өлкөлөрү айлампа экономика маселелери боюнча жыйын өткөрдү

13–14-октябрда Алматы шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламент өкүлдөрүнүн айлампа экономика маселелери боюнча Экинчи региондук диалогу болуп өттү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын парламенттеринин өкүлдөрү, министрликтер, эл аралык уюмдар, эксперттер жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү катышкан.
Жолугушуунун негизги максаты — Борбор Азия үчүн айлампа экономика боюнча өнөктөштүктүн алкактык программасын илгерилетүү жана парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөө болгон. Аталган программа 2026-жылдын апрелинде өтө турган Борбор Азия экологиялык саммитинде сунушталат.
Диалогдун жүрүшүндө катышуучулар туруктуу өндүрүш жана керектөө жаатындагы улуттук жана чек аралык долбоорлорду колдоого багытталган, Кыргызстандын демилгелерин камтыган бир катар сунуштарды талкуулап, аймактык позицияларды макулдашышкан.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында Айлампа экономика боюнча парламенттер аралык платформаны түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумунун жаңыртылган долбоору талкууланган.
Ишкерлер жана бейөкмөт уюмдардын катышуусунда өткөн өзүнчө сессияда айлампа экономиканын ийгиликтүү тажрыйбалары көрсөтүлгөн. Туризм, курулуш жана агроөнөр жай тармактарында калдыктарды азайтуу, кайра иштетүү жана ресурстарды натыйжалуу пайдалануу боюнча чечимдер сунушталган.
Программага ылайык, делегациялар Алматыдагы айлампа экономика принциптерин иш жүзүндө колдонуп жаткан объекттерге да барышкан: OMIR – Алтын стандарты боюнча сертификатталган Green City турак жай комплекси жана First Recycling (Technic Destroy) заводу — Борбор Азиядагы литий-иондук батареяларды кайра иштетүү боюнча биринчи ишкана.