ЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдаштыЭК жана МОМ миграцияны санариптештирүү жана жаңы механизмдерди талкуулаштыПодпольщиктер жана антифашисттер: душмандын оругунда күрөшкөндөрдүн урматына коюлган көчөлөрУКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификацияладыМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасады
Финансы министрлигинде эмгек акы төлөө системасын реформалоо маселеси талкууланды
21.10.2025 | 11:35

Финансы министрлигинин өкүлдөрү менен Эл аралык валюта фондунун жетекчилиги жана эксперттеринин катышуусунда Кыргызстанда бюджеттик чөйрөдөгү эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү маселелери боюнча жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Маалыматка ылайык, талкууларда өлкөдөгү эмгек акы төлөө системасын реформалоонун негизги аспектилери каралган. Ошондой эле Финансы министрлиги тарабынан коюлган 2026-жылдан тарта социалдык чөйрөдөгү айрым кызматкерлердин эмгек акысын этап менен жогорулатуу боюнча милдеттер эске алынган. Жыйында аталган ишти башка өлкөлөрдүн алдыңкы тажрыйбаларын эске алуу менен жүргүзүү сунушталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат