Президент Садыр Жапаров Элдик Курултайдын датасын өзгөрттү

21.10.2025 | 11:22

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров IV Элдик Курултайдын өткөрүлүү мөөнөтүн өзгөрттү.

Мурда 22-декабрга белгиленген курултай эми 25-декабрда өтөт. Бул өзгөртүү президенттин сентябрь айында чыгарган жарлыгынын негизинде киргизилген.

Иш-чаранын датасынын жылдырылыш себептери азырынча такталган эмес.

Эске салсак, Элдик Курултай институту 2021-жылы кабыл алынган Конституцияга ылайык түзүлгөн жана ал 2022-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет.

Scroll to Top