Асман шаарын кытайлык ишкана курат. Бээжинде меморандумга кол коюлду

Бээжинде Улуттук инвестиция агенттиги, «Асман» экологиялык таза шаарынын курулушу боюнча мамлекеттик дирекция жана China Construction Company ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу аталган агенттик билдирди.
Мааолыматка ылайык, документке Улуттук инвестиция агенттигинин директору Равшанбек Сабиров жана чет элдик долбоорлор бөлүмүнүн башкы директору, ошондой эле эл аралык China Construction Design Institute компаниясынын башкы директору Цао Сянмин кол коюшкан.
Бул документ инвестициялык, инфраструктуралык жана курулуш тармактарында өз ара кызматташууну өнүктүрүүгө, ошондой эле заманбап технологияларды жана чет элдик инвестицияларды тартуу аркылуу «Asman City» долбоорун — заманбап шаар курулушу жана туруктуу өнүгүү стандарттарына ылайык түзүлүп жаткан келечектеги акылдуу шаарды ишке ашырууга багытталган.
Ошондой эле жолугушууда тараптар кызматташтыктын келечектеги мүмкүнчүлүктөрүн жана долбоорго инвестиция тартуунун негизги багыттарын талкуулашкан.