ЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдаштыЭК жана МОМ миграцияны санариптештирүү жана жаңы механизмдерди талкуулаштыПодпольщиктер жана антифашисттер: душмандын оругунда күрөшкөндөрдүн урматына коюлган көчөлөрУКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификацияладыМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасады
Бишкекте 63 жаштагы аял жол кырсыгынан каза болду. Айдоочу изделүүдө
21.10.2025 | 14:16
Бишкекте белгисиз айдоочу 63 жаштагы аялды сүзүп кетип, ал окуя болгон жерде каза болду. Жол кырсыгы бүгүн, 21-октябрда, болжол менен саат 07:30дар чамасында Дэн Сяопин жана Сельсовет көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын маалыматында, унаа Дэн Сяопин көчөсү менен батыш тарапты көздөй бара жатып, жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан аялды сүзгөн. Андан кийин айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Жол кыймылынын жана унаа каражаттарын эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу, оор кесепеттерге алып келүү» жана «Кооптуу абалда калтыруу» беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Учурда милиция айдоочунун өздүгүн аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар