Бишкектеги «Манас» кинотеатрынын маңдайына жер астындагы өтмөк курулатЕӨБ Кыргызстанга электр түзүмүн өнүктүрүү үчүн 61 миллион евродон ашык каражат бөлөтМурдагы депутат Шайлообек Атазов абактан чыктыӨкмөт жаңы энергетикалык кубаттуулуктарды ишке киргизүү темпи реалдуу суроо-талаптан артта калып жатканын моюнга алдыИндияда айыкпас вирустун чыгышынан улам жүздөгөн адамдар карантинге алындыТаласта медициналык жана коргонуу муктаждыктары үчүн төө буурчактан протеин өндүрүү технологиясы иштелип чыкты
Коменданттык саат. Маршруттук баракчаны толтуруу эрежеси
25.03.2020 | 19:22
Өлкө аймагына өзгөчө абал киргизилгенден кийин Өкмөт маршруттук баракча тууралуу түшүндүрмө берди.
Жарандар саат 07.00дөн 20.00гө чейин 4 себеп менен гана сыртка чыгууга өткөрмө кагаз алса болот. Алар: азык-түлүк дүкөнүнө барууга, дарыканага барууга, ооруканага жана банкка барууга.
Бул учурда жарандын жанында өздүгүн аныктаган документ жана маршруттук баракчасы болуусу керек.
Маршруттук баракчада эмнелер көрсөтүлүшү керек:
Аты-жөнү;
Телефон номери;
Үйдөн чыккан себеби;
Чыккан убактысы;
Кайткан убактысы;
Жашаган жери;
Бара турган жери.
Маршруттук баракча эпидемиялык абалды көзөмөлдөөгөн коменданттар үчүн маанилүү.
Карантин режимин сактаңыз жана жакындарыңызга камкор болуңуз!
Рубрики: Жаңылыктар, Коом