Кыргызстанда тоолуу аймактарды өнүктүрүүгө багытталган жаңы эл аралык долбоор ишке кирүүдө

Кыргыз Республикасынын президентинин тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдиев жана Тоо өнөктөштүгүнүн катчылыгынын (Рим) программалык координатору Жоржио Груссо менен жолукту. Маалыматты президенттин администрациясынын басма сөз кызматы таратты.
Жолугушууда Кыргызстанда “Тоо өнөктөштүгүнүн алкагында тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсүн колдоо” аттуу жаңы долбоорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Италия Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашчу бул долбоор тоолуу аймактардагы чакан өндүрүүчүлөрдү, фермерлерди жана кол өнөрчүлүк кооперативдерин колдоого багытталган. Анын алкагында гранттар менен техникалык жардам көрсөтүүчү бизнес-инкубатор жана акселератор түзүлмөкчү. Ошондой эле белгилүү дизайнерлер менен кыргызстандык кол өнөрчүлөрдүн кызматташтыгын өнүктүрүү каралган.