Бир ай мурун эркек кишини сабап кетишкен. Новопокровкада эки шектүү кармалды
Укук коргоо кызматкерлери тарабынан ырайымсыз сабоо фактысы боюнча эки эркек адам кармалды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Чүй облустук ИИББдин басма сөз кызматы маалымдады.
Үстүбүздөгү жылдын 14-сентябрында болжол менен саат 18:00 чамасында Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Новопокровка айылындагы «үчүнчү көлмө» деп аталган жерде массалык мушташ болгону тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, катуу сабалган абалда 39 жаштагы Т.К. аттуу жергиликтүү тургунду табышкан. Тургун ага белгисиз адамдар кол салышканын билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Укук коргоо кызматкерлери шектүүлөрдүн өздүгүн аныктап, 38 жаштагы А.Б. жана 37 жаштагы Т.В. аттуу эки эркек кишини кармашкан. Шектүүлөр камакка алынган. Тергөө иштери уланууда.