Камчыбек Ташиев Баетов айылында спорт комплекси жана маданият борборунун курулушуна капсула салды

23.10.2025 | 13:31

Камчыбек Ташиев Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ак-Талаа районунун Баетов айылында бир катар социалдык объектилердин курулушуна старт берди.

УКМК кабарлагандай, алгач К.Ташиев спорт комплексинин курулушуна мезгил капсуласын салды. Жаңы спорттук жайдын жалпы аянты 2160 чарчы метрди түзүп, эки кабаттан турат. Комплексте эки чоң спорт зал, өзүнчө машыгуу бөлмөлөрү жана административдик бөлүк каралган. Долбоордун жалпы баасы — 150 миллион сом.

Иш-чарада Ташиев жергиликтүү жаштарды спорт менен машыгууга үндөп, жаңы комплекс келечекте өлкөнүн атын дүйнөгө чыгара турган спортчуларды тарбиялоого өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Андан соң УКМК төрагасы коомдук маданий борборунун курулушуна да капсула салды. Үч кабаттуу имараттын курулушу «Барс-Курулуш» ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүп, президенттин турукташтыруу фонду аркылуу каржыланат.

Маданият борборунун аянты 0,40 гектар, ичинде кинотеатр, китепкана, музей жана маданият кызматкерлерине арналган заманбап иш бөлмөлөр болот. Долбоордун баасы да 150 миллион сом деп эсептелген.

Камчыбек Ташиев маданият тармагына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилеп, курулуштун сапатына катуу көзөмөл коюуну тапшырды.

Scroll to Top