Кыргызстанда куралга уруксат алуу: баш мээни текшерүү — көрсөтмө боюнча, никотинге көз карандылыкты тизмеден чыгаруу сунушталуудаКыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо боюнча мамлекеттик порталдар ишке кирдиБишкектин бир районунда бир жыл ичинде эттин баасын көзөмөлдөө боюнча 181 рейд өткөрүлдүFlydubai’дын учкучтары учуу учурунда мушташып кетишти — окуянын чооБишкекте иттерди сейилдетүү үчүн үч жерде атайын аянтчалар түзүлүүдөБишкектин «Калыс-Ордо» конушунда 1-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
Ошто өрттөн каза болгон эне жана балдардын сөөгү жерге берилди
23.10.2025 | 14:08

Ош шаарындагы Орозбеков көчөсүндө болгон өрт кырсыгынан каза болгон эне жана беш баланын сөөгү бүгүн жерге берилди.
Маркумдардын атасы бүгүн таң эрте Түштүк Кореядан учуп келип, жакындары менен кошо акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты.
Жаназа аземине Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана жергиликтүү тургундар катышышты. Алар үй-бүлөсүн жоготкон атанын кайгысын тең бөлүшүп, сабыр жана кайрат тилешти.
Шаар бийлигинин маалыматына ылайык, маркумдардын жакындарына бардык зарыл жардамдар көрсөтүлөт.
Эскерте кетсек, аталган өрт кырсыгы Ош шаарындагы турак үйдө чыккан. Кырсыктын себептери боюнча тиешелүү кызматтар териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат.