КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Чек арада стоматологиялык имплантаттарды мыйзамсыз алып кирүү аракети токтотулду
23.10.2025 | 12:49

«Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда стоматологиялык имплантаттарды мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, унааны текшерүү учурунда тиешелүү коштомо документтери жок ар кандай аталыштагы стоматологиялык имплантаттар табылган. Алардын болжолдуу суммасы 1 млн сомдон ашык болгон.
Салык кызматы бул факт боюнча актылар түзүлүп, материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилерин кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар