ИИМ ДНК жана манжа издерин чогултууну көздөөдө. Жаңы маалымат базасына кимдер киргизилет?
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги «Мамлекеттик геномдук жана дактилоскопиялык каттоо жөнүндө» мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документ жарандардын ДНК-профилдери жана манжа издери боюнча бирдиктүү маалымат базасын түзүүнү карайт.

Мыйзам долбоорунун негизги жоболору:
— Каттоону оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн, ошондой эле руханий-адеп-ахлакка каршы кылмыштар үчүн соттолгон адамдар үчүн милдеттүү кылуу сунушталууда;
— Маалымат базасына таанылбаган өлүктөрдүн маалыматтары жана кылмыш иштери боюнча алынган биологиялык материалдар киргизилет;
— Дайынсыз жоголгон жарандардын туугандары ДНК үлгүлөрүн ыктыярдуу түрдө тапшыра алышат;
— Биологиялык материалдар жана биометрикалык жеке маалыматтар ИИМде сакталат;
— Дактилоскопиялык жана геномдук каттоодон баш тарткандар үчүн жоопкерчилик каралган: Кыргызстандын жарандарына айып пул салынат, ал эми чет элдиктер өлкөдөн чыгарылат;
— ИИМ кызматкерлери геномдук жана дактилоскопиялык каттоо жөнүндөгү мыйзамдын алкагында биологиялык материал чогултууга жана адамдарды каттоодон өткөрүүгө ыйгарым укуктуу болушат;
— Мамлекеттик дактилоскопиялык каттоодон өтүү аскердик кызмат өтөөнүн милдеттүү шарты болуп саналат;
— Чет элдиктер жана жарандыгы жок адамдар чек араны кесип өткөндөн кийин беш иш күнүнүн ичинде дактилоскопиялык каттоодон өтүүгө милдеттүү;
— Качкын макамын сурап кайрылган адамдар да каттоодон өтүшөт.
Каттоонун максаты — адамдын өздүгүн аныктоо, кылмыштарды ачууга жана дайынсыз жоголгон адамдарды издөө иштерине көмөктөшүү. Мындан тышкары, мыйзам маалыматтарды жыйноо, сактоо, колдонуу жана жок кылуу тартибин, ошондой эле купуялуулукту сактоо кепилдиктерин аныктайт. Долбоор маалыматка жетүүнү катуу көзөмөлдөөнү жана аны иштетүүдө жарандардын укуктарын сактоону камсыз кылат.