Евразиялык интеграция: жетилгендик экзамени тапшырылды. Андан ары эмне болот?Тоо боорундагы эс алуу күндөрү: кышкы адреналин издеп Бишкектен кайда баруу керек?Кыргызстанда канаттуулардын саны жана жумуртка өндүрүү 40%га өскөнү катталдыШвейцариянын лыжа курортундагы өрттөн ондогон адам каза болдуТелевидение кыргызстандыктардын эс алуусунун негизги түрү бойдон калуудаАйыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон ашты
Кадамжайда дайынсыз жоголгон өспүрүм кыз табылды
27.10.2025 | 21:00

Кадамжай районунда дайынсыз жоголгон 15 жаштагы кыз табылып, ата-энесине аман-эсен өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-октябрда Кара-Жантак айылында жашаган С.Б. аттуу кыз үйүнөн чыгып кеткенден кийин дайынсыз болгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн «Өспүрүм» алдын алуу иш-чарасынын алкагында кыз 27-октябрда Кызыл-Кыя шаарынан табылган.
Милиция өспүрүм жана ата-энеси менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кайталанбоосу үчүн алдын алуу кеңештерин берген.