Президент Жалал-Абадда УКМКнын “Альфа” атайын бөлүгүнүн окуу-машыгуу борборун ачты

27.10.2025 | 18:15

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунда УКМКнын “Альфа” атайын бөлүгүнүн окуу-машыгуу борборун расмий ачты.

Президенттин администрациясы кабарлагандай, өлкө башчысы бөлүктүн эл аралык терроризм жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүдө чоң тажрыйбага ээ экенин, экстремисттерди жок кылуу жана барымтадагыларды бошотуу операцияларын ийгиликтүү жүргүзгөнүн белгиледи.

Мамл өз сөзүндө Кыргызстанда терроризмге каршы күрөшүү боюнча атайын кызмат 1992-жылдын 27-октябрында түптөлгөнүн эске салды.

Ошол мезгилден баштап улуттук коопсуздук органдарынын “Альфа” тобу өзүнүн өзгөчө ишмердигин үзгүлтүксүз аткарып келет.

“1999-жылдын август-ноябрь айларында “Альфа” атайын операциялар бөлүмү Баткен облусуна кирген эл аралык бандиттик түзүлүштөрдү жок кылуу, барымтадагыларды бошотуу жана аскер кызматчыларынын коопсуздугун камсыз кылуу милдеттерин аткарган. Тоолуу аймакта бандалык түзүлүштөрдү ыкчам издөөгө, буктурмага алуу менен жок кылууга жигердүү катышкан”, – деп белгиледи Президент.

Жапаров ошондой эле жоокерлердин тактикалык машыгууларын көрүп, заманбап техникаларына көз салды.

Scroll to Top