ЕРӨБ Базар-Коргон шаарын суу менен камсыздоо үчүн 3,3 млн евро бөлдүVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн параддык кийимдин үлгүсүнө сынак жарыяландыБШК Атазовду Жогорку Кеңешке талапкер катары каттоодон баш тарттыЭми бажы төлөмдөрүн QR-код аркылуу жүргүзүүгө болотКыргызстан менен ЕРӨБ 400 млн евролук инфраструктуралык өнөктөштүк боюнча меморандумга кол койдуАскерлердин азык-түлүктөрүн уурдаган прапорщик кармалды
Шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузган жарандар айыпка жыгылды
28.10.2025 | 11:17

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузган бир катар жарандарга айып пул салынганын билдирди.
БШКнын жумушчу тобу социалдык тармактарга жана маалымат агенттиктерине мониторинг жүргүзүп, Facebook баракчаларында мыйзам бузуу белгилери бар постторду аныктаган.
Анын жыйынтыгында төмөнкү жарандарга административдик жоопкерчилик колдонулду:
- Бакмурат Токтогулов — шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузуу жана талапкерлер жөнүндө жалган маалымат таратканы үчүн жалпы 19 500 сом айып пул;
- Айбек Теңизбай, Мирлан Дүйшөнбаев, Нургазы Анаркулов, Карим Ханджеза, Канат Хасанов — үгүт эрежелерин бузганы үчүн ар бири 7 500 сомдон айып пул.
БШК бардык талапкерлерге жана жарандарга шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө мыйзам талаптарын так сактоо боюнча эскертүү берди.