Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Ош шаарында бузулган базардын ордуна парк курулат
29.10.2025 | 20:00

Ош шаарындагы эски борбордук базардын ордуна Ак-Буура дарыясынын жээгин бойлой шаар тургундары үчүн заманбап парк курулат. Бул тууралуу Ош мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, парк куруу маселеси боюнча Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кытайлык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөргөн.
Парк гранттык негизде курулат. Учурда жаңы парктын эскиздик долбоору даяр болгон. Калаа башчы жакынкы күндөрү курулушту баштоо тапшырмасын берген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом