Ош шаарында аталышы кыргызча жазылбаган кафе-дүкөндөрдүн жазуулары алынууда

30.10.2025 | 14:00

Ош шаарында аталыштары мамлекеттик тилде жазылбаган кафе-ресторандардын, сулуулук салондордун, дүкөн жана башка калкты тейлөө жайларынын жазуулары алынууда. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мэрияга караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын мүчөлөрү жана муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери биргеликте рейд өткөрүүдө. Анда калкты тейлөө жайлардагы башка тилдерде жазылган жазуу-аталыштар алынууда. Бул иштер мэр Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасынын негизинде, «Мамлекеттик тили жөнүндөгү» жана «Жарнама жөнүндөгү» мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Мыйзамдарга ылайык, калкты тейлөө жайлардын аталыштары мамлекеттик тилде – кыргыз тилинде жазылышы керек. Эгерде зарылдык болсо, расмий тилдеги же башка тилдердеги жазуулар асты жагына же оң капталына кичинекей шрифт менен жазылышы керек.

Мэрия бул рейддердин алдында аталган кафе-ресторан жана дүкөндөрдүн ээлерине эскертүүлөр берилгенин жана азыркы тапта эскертүүлөрдү аткарбаган жайлардын аталыштары алынып жатканын билдирди. Мэрия рейд 10-ноябрга чейин улантыларын кошумчалады.

Scroll to Top