Кыргызстандын консолидацияланган бюджети 2025-жылы 1 триллион сомдон аштыКыргызстандын кайра иштетүү өнөр жайы 27,8%га өстүЖаңы жыл түнү Кыргызстанда 367 наристе жарык дүйнөгө келдиВенесуэла өзгөчө абал киргизип, АКШны аскердик агрессияга айыптадыМайлуу-Суу лампа заводунун жумушчуларынын айлык карызы январдын аягына чейин төлөнөтКыргызстандыктар физиологиялык муктаждыктар үчүн суткасына 11 саат коротушат
Автоблогер Настя Туман: Дагестанды кыргыз номурлуу Changan автоунаалары каптады
01.11.2025 | 12:28
Россиялык белгилүү автоблогер жана телеалып баруучу Анастасия Туман Дагестандагы автоунаа базарын көрсөткөн видео жарыялады.
Анда кыргыз номурлары тагылган Кытайда өндүрүлгөн Changan маркасындагы автоунаалар базарды каптап кеткенин айтылат. Өз материалында блогер сатуучулар менен маектешип, алар күн сайын Кыргызстандан 20 жүк ташуучу унаа аркылуу ар биринде 8ден автоунаа келерин билдиришкен. Мындан тышкары, мындай автоунаалар жергиликтүү рынокто орус номурлуу унааларга караганда арзан экенин айтышты.
Автоинспектор Анастасия Туманга бул көрүнүштө мыйзам бузуу жок экенин түшүндүрдү. Айдоочуга болгону баш ыйгарым укук кагазын жана орус камсыздандыруусун алып жүрүү жетиштүү.