Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Кыргызстанда бардык жеке менчик автомектептер жабылат
03.11.2025 | 18:03

Кыргызстанда бардык жеке менчик автомектептер жабылып, айдоочуларды даярдоо толугу менен мамлекеттин көзөмөлүнө өтөт. Бул тууралуу президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, айдоочулук билим берүү системасынын реформасынын алкагында:
- 16 жаштан жогорку мектеп окуучулары муниципалдык мектептерде окутулат;
- Чоңдор мамлекеттик автомектептерде билим алышат.
Кийинки жылдан тарта айдоочулук күбөлүк алуу процесс 14 айга узартылат, ал эми экзамендер жылына төрт жолу өткөрүлөт.
Бийлик өкүлдөрү буга чейин айдоочулук билим берүү сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүү жана жол коопсуздугун жогорулатуу зарылдыгын бир нече ирет белгилеп келишкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом