Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Алай тоолорунда 3 баллдык жер титирөө катталды, бирок калк сезген жок
04.11.2025 | 11:24

Бүгүн, 4-ноябрда саат 07:04тө Сейсмология институту Кыргызстан аймагында күчү 3 баллдык жер титирөөнү каттады.
Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Алай тоолорунда — Кашка-Суу айылынан 20 чакырым түндүк-батышта, Кара-Өтөк айылынан 28 чакырым түштүк-чыгышта жана Оштон 87 чакырым түштүк-батыш тарапта жайгашкан.
Сейсмологдордун маалыматы боюнча, жер титирөө Кыргызстандын калктуу конуштарында сезилген эмес. Кырсыктар жана жабыркагандар тууралуу маалымат түшкөн жок.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом