Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекиттиБишкекте Reporter.kg маалымат агенттигинин колдоосу менен «Дүйнөнү өзгөрткөн айым» сыйлыгынын лауреаттары сыйландыБишкектеги №39 мектеп капиталдык оңдоодон кийин ачылдыКР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчиси алмашып, министрлик кызматка талапкер аныкталды
Швейцария Кыргызстандагы сууну үнөмдүү пайдалануу долбоору үчүн 2,7 млн доллар бөлөт
05.11.2025 | 10:53

Швейцария өкмөтү Кыргызстанда суу ресурстарын туруктуу жана үнөмдүү пайдаланууга көмөктөшүүгө багытталган долбоорду колдоого 2,2 млн швейцар франкын (2,7 млн доллардан ашык) бөлөт. Бул тууралуу Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, бул каражат жакында кабыл алынган Суу кодексине ылайык “Кыргыз Республикасында сууну пайдаланууга уруксат берүү системасы” долбоорунун алкагында бөлүнүүдө.
Долбоор 2025–2028-жылдар аралыгында ишке ашырылат. Анын максаты сууну так эсепке алуу жана пайдалануу стандарттарын сактоо болуп саналат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат