БШК Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулаймановду мандатынан ажыраттыЕЭК жана Россиянын Транспорт министрлиги темир жол контейнердик ташууларын санариптештирүүгө киришип жатат2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ ичиндеги өз ара соода 95 млрд долларга жеттиБишкекте кыздарды баңгизат колдонууга азгырууга шектелген жаран кармалдыБишкек Масленица майрамын белгилөөгө даярдануудаУКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстандан чыгып кеткени айтылды
Өзбекстан АКШ жарандары үчүн визасыз режим киргизди
05.11.2025 | 11:41

Өзбекстанда АКШ жарандары үчүн визасыз режим киргизилди. Бул тууралуу Өзбекстандын улуттук маалымат агенттиги UzA билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкты Шавката Мирзиёев 3-ноябрда кабыл алган.
Ага ылайык, 2026-жылдын 1-январынан тартып АКШ жарандары Өзбекстандын аймагына кирген күндөн баштап 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат.
Мындай чечим Өзбекстан менен АКШнын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди, ошондой эле туризмди өнүктүрүү максатында кабыл алынганы айтылды.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар