Кыргызстандын элчилиги Орусия ТИМине нота жөнөттү: кыргызстандык алдамчылыкка кабылганБир жылда 304,9 миң кыргызстандык насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу кызматынан пайдаланганДастан Бекешев: Бишкектеги күркөлөргө тыюу салуу ири соода түйүндөрүнө гана пайдалууКриштиану Роналду Португалия курамасындагы карьерасын аяктаганын жарыяладыКыргызстандагы баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүүгө 15 млн доллар бөлүнөтАлдамчылыкка айыпталган жаран Грузияда кармалып, Кыргызстанга экстрадицияланды
Freedom Bank Kazakhstan Кыргызстанда банк ачуу пландарын токтотту
16.02.2026 | 14:09
«Фридом банк Казахстан» (Freedom Bank Kazakhstan) эл аралык стратегияны актуалдаштыруунун алкагында Кыргызстанда туунду банк түзүү боюнча пландарын кайра карап чыкканын билдирди. Буга чейин Freedom Bank KG аталышындагы жабык акционердик коом формасында банк түзүү долбоору каралып жаткан.
Банктын маалыматына ылайык, учурда компания өнүгүүнүн башка чет өлкөлүк багыттарын талдоого басым жасоодо. Банктын топ-менеджменти эл аралык рыноктогу жаңы мүмкүнчүлүктөргө баалоо жүргүзүүдө, ошол эле учурда Кыргызстан мурдагыдай эле узак мөөнөттүү аймактык өнүгүү үчүн келечектүү аянтча катары каралууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика