Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
Бишкекте кыздарды баңгизат колдонууга азгырууга шектелген жаран кармалды
17.02.2026 | 12:35

Бишкек шаарында баңгизат колдонууга азгыруу фактысы боюнча 34 жаштагы К.Ж. аттуу жаранды кармалды.
Ленин райондук ИИБдин маалыматында, милицияга Матыева көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жаран кыздарга баңгизат берип жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Көрсөтүлгөн даректен эки кыз жана бир жигит кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Медициналык текшерүүнүн жыйынтыгында аталган адамдар баңгизаттын бир нече түрүн колдонгону аныкталган. Ошодой эле баңгизат колдонууга азгырылгандыгын көрсөткөн маалыматтар алынган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын колдонууга көндүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Азгырууга шектүү Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар