Улуу Британиянын ордуна Швейцария: Кыргызстандын экспортунун географиясы кандай өзгөрдү?Бишкекте интимдик кызмат көрсөтүүгө айыпталып 70тен ашык кыз кармалдыОш шаарында курулуп жаткан «Келечек» базары мартта пайдаланууга берилетЖылдын башкы интригасынын көшөгөсү ачылды: MBANK’тан ким батир утуп алды?«Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна курула турган маданий борбор кандай болотБШК Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулаймановду мандатынан ажыратты
Жыл башынан бери 74 миңден ашык уй жасалма уруктандырылган
05.11.2025 | 13:32

Үстүбүздөгү жылдын 10 айында 74 миң 248 баш уй уруктандырылды. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6 миң 763 башка көп. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылга ири мүйүздүү малдарды жасалма жол менен уруктандыруу үчүн 270 миң доза уруктук материалды сатып алуу каралган.
“Бүгүнкү күнгө өлкөнүн дээрлик бардык облустарына 98 миңден ашуун урук материалдары акысыз таратылды. Андан тышкары, урук менен кошо “Элита” мамлекеттик ишканасында өндүрүлгөн 7 тоннадан ашуун суюк азот аймактардагы техник-уруктандыруучуларга берилүүдө”,- деп билдирди министрлик.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом