БШК Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулаймановду мандатынан ажыраттыЕЭК жана Россиянын Транспорт министрлиги темир жол контейнердик ташууларын санариптештирүүгө киришип жатат2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ ичиндеги өз ара соода 95 млрд долларга жеттиБишкекте кыздарды баңгизат колдонууга азгырууга шектелген жаран кармалдыБишкек Масленица майрамын белгилөөгө даярдануудаУКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстандан чыгып кеткени айтылды
Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспортторду берүү башталды
05.11.2025 | 15:30

3-ноябрдан тарта Кыргызстандын жарандары жаңы дизайндагы жана жогорку деңгээлде корголгон 2025-жылдагы биометрикалык жалпы жарандык паспортторду ала алышат. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда, Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, документтерди алмаштыруу ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт, эски паспорттор мөөнөтү бүткөнгө чейин жарактуу бойдон калат.
Ар бир визалык баракта өлкөнүн бардык облустарындагы маанилүү объекттер жана тарыхый-маданий баалуулуктар чагылдырылган.
Жаңы паспорт миграциялык көзөмөлдү жакшыртууга, жасалма документтерге каршы күрөштү күчөтүүгө жана чек ара аралык кылмыштуулукка бөгөт коюуга мүмкүндүк берет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом