Кыргызстанда куралга уруксат алуу: баш мээни текшерүү — көрсөтмө боюнча, никотинге көз карандылыкты тизмеден чыгаруу сунушталуудаКыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо боюнча мамлекеттик порталдар ишке кирдиБишкектин бир районунда бир жыл ичинде эттин баасын көзөмөлдөө боюнча 181 рейд өткөрүлдүFlydubai’дын учкучтары учуу учурунда мушташып кетишти — окуянын чооБишкекте иттерди сейилдетүү үчүн үч жерде атайын аянтчалар түзүлүүдөБишкектин «Калыс-Ордо» конушунда 1-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
Орто-Токой ГЭСинин курулушу 75 пайызга аяктады. Объект 2026-жылы ишке киргизилет
05.11.2025 | 15:10
Орто-Токой ГЭСи 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында ишке берилет. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, министр Таалайбек Ибраев курулуштун жүрүшү менен таанышуу үчүн Ысык-Көл облусундагы Орто-Токой ГЭСине барган.
«Чакан ГЭС» ААКсынын башкы директору Шакир Саидовдун айтымында, курулуш иштеринин 75 пайызы бүткөрүлгөн. Суу алуучу түзүлүш толугу менен даяр болуп, узундугу 928 метр болгон деривациялык тоннель толугу менен өтүлүп, анын 624 метри бетондолгон.
Орто-Токой ГЭСинин долбоордук кубаттуулугу 21 МВтты түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом

