БШК Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулаймановду мандатынан ажыраттыЕЭК жана Россиянын Транспорт министрлиги темир жол контейнердик ташууларын санариптештирүүгө киришип жатат2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ ичиндеги өз ара соода 95 млрд долларга жеттиБишкекте кыздарды баңгизат колдонууга азгырууга шектелген жаран кармалдыБишкек Масленица майрамын белгилөөгө даярдануудаУКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстандан чыгып кеткени айтылды
Орусиялык MAX мессенжери Кыргызстанда иштей баштады
06.11.2025 | 12:53

Орусиялык MAX мессенжери Орто Азия өлкөлөрүнүн аймагында иштей баштады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазууда.
Маалыматка ылайык, эми платформаны Кыргызстан, Казакстан, Армения, Молдова, Тажикстан, Азербайжан жана Өзбекстандын жарандары колдонуп, ал аркылуу кат жөнөтүп жана чала алышат. Бул үчүн байланыша турган адамдын номуру телефондо сакталуу болушу керек.
Max мессенжерине катталуу үчүн жаңы колдонуучулар колдонмону жүктөп алып, өлкөнү тандап, телефон номерин киргизиши керек. Каттоону аяктоо үчүн СМС аркылуу келген текшерүү кодун терип, телефон номурларды алууга макулдук берүү талап кылынат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом