БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерди каттоону аяктады

08.11.2025 | 18:24

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 8-ноябрда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоону аяктаганын билдирди.

Маалыматка ылайык, шайлоого 30 шайлоо округу боюнча жалпысынан 467 талапкер катталды. Алардын 276сы – эркек талапкерлер, ал эми 191и -аял талапкерлер.

БШК бүгүн талапкерлердин шайлоо бюллетенине киргизүү кезектүүлүгүн аныктоо үчүн чүчү кулак өткөрөрүн билдирген.

Чүчү кулак менен ошондой эле мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында талапкерлерге акысыз эфир убактысы жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянты бөлүштүрүлөт.

Ушул эле күнү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча катталган талапкерлердин меморандумга кол коюу иш-чарасы болот.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо ушул жылдын 30-ноябрында, жекшемби күнү, өтөт.

Scroll to Top