Кыргызстанда өткөн жумада 300дөн ашык мас айдоочу аныкталды
Республика боюнча өткөн аптада жол эрежелерин бузган 23 654 факт катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматы кабарлады.
3–9-ноябрь күндөрү өлкө аймагында жүргүзүлгөн иштер боюнча автоинспекторлор төмөнкүлөрдү билдирди:
— 1 878 протокол автоунааны керектүү документтерсиз башкарган айдоочуларга жазылды;
— 309 протокол мас абалда авто башкарган айдоочуларга түзүлдү;
— 138 айдоочу автоунаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылатканы үчүн жоопко тартылды;
— 762 протокол жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежелерин бузгандарга түзүлдү;
— 3 256 протокол транспорт каражаттарын колдонуу эрежелерин бузгандарга жазылды;
— 24 айдоочу автохулигандык үчүн айып салынды;
— 3 387 протокол ылдамдыкты ашырган айдоочуларга түзүлдү;
— 5 протокол жасалма мамлекеттик номур менен авто башкаргандарга жазылды;
— 10 694 протокол башка жол эрежелерин бузгандарга түзүлдү.
Өткөн апта ичинде жалпы 3 201 автоунаа штраф токтоочу жайга киргизилди.
ЖКККББ бардык айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жол эрежелерин так сактоого чакырат.