Евразиялык интеграция: жетилгендик экзамени тапшырылды. Андан ары эмне болот?Тоо боорундагы эс алуу күндөрү: кышкы адреналин издеп бишкектен кайда баруу керек?Кыргызстанда канаттуулардын саны жана жумуртка өндүрүү 40%га өскөнү катталдыШвейцариянын лыжа курортундагы өрттөн ондогон адам каза болдуТелевидение кыргызстандыктардын эс алуусунун негизги түрү бойдон калуудаАйыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон ашты
Бишкекке 95 жаңы автобус келе жатат
10.11.2025 | 11:46

Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын (ЕБРР) «Жашыл шаар» долбоорунун алкагында Бишкек шаары үчүн 95 даана автобустар сатып алынды. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, учурда экологиялык жактан таза автобустар заводдон чыгып, Бишкекке келе жатат.
“Жаңы автобустардын келиши шаардын коомдук транспорт системасын модернизациялоодо маанилүү кадам болуп саналат. Бул автобустар шаар тургундарын коопсуз, ыңгайлуу жана экологиялык жактан таза транспорт менен камсыздап, ошондой эле энергияны үнөмдөө жана тейлөө сапатын жакшыртуу багытында чоң салым кошот”,- деп билдирди мэрия.
«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы автопаркты жаңылоо иштерин улантары айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом