Президент айдоочулук күбөлүк алуу үчүн 14 ай окуу мектептерге тиешелүү экенин билдирди

Өлкө башчы Садыр Жапаров айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн 14 ай окуу мектептерге тиешелүү экенин билдирди. Ал бул тууралуу соцтармагындагы элге кайрылуусунда айтты.
Өлкө башчынын айтымында, мектепти, жогорку окуу жайды бүткөн чоң кишилер авто мектептерде окушат. Алардын окуу мөөнөтү интенсивдүү жана азыраак болушу мүмкүн.
Ошондой эле ал мектеп окуучулары үчүн эмнеге 14 ай окутуу каралып жаткандыгын түшүндүрүп өттү.
“Эмнеге 14 ай? Анткени, биринчиден, 11-12-класстын окуучулары сентябрдан окуп баштап, жаш өзгөчөлүгүнө жараша маалыматты бир жыл арасы өздөштүрүшөт. Практикалык окуулар жаан, кыш мезгилине, аба ырайына жараша дагы окутулат. Муз жолдордо, карда кантип айдоо керек, караңгыда эмнеге көңүл буруу керек, жолдордо унааң бузулган учурдагы биринчи аракеттериң кандай болот деген өңдүү практикалык сабактар кирери күтүлүүдө. 14 ай дегени сынактарды тапшырганда өтпөй калгандар кайра даярданып келгиче дагы убакыт керек болорун эске алуу менен белгиленди”,- деп түшүндүрдү ал.
Мындан тышкары, Садыр Жапаров мындан ары айдоочулук күбөлүктү сатып ала албай тургандыгын, мурда сатып алгандар эреже бузуп кармалса, кайрадан экзамен тапшыра тургандыгын билдирди.