Кыргызстандык автожарышчылар Индиядан алтын жана эки күмүш медаль алышты

10.11.2025 | 15:29

Кыргызстан курамасы авто джимхана боюнча Азия чемпионатында (AAGC 2025) жалпы эсепте биринчи орунду ишенимдүү кармап турат. Мелдештин үчүнчү этабы 8–9-ноябрда Индияда өтүп, кыргызстандык спортчулар үчүн дагы бир ири ийгилик болду.

Жүрүштөрдүн жыйынтыгында биздин спортчулар бир алтын жана эки күмүш медаль утуп, өздөрүнүн жогорку чеберчилигин дагы бир жолу тастыкташты.

Кыргызстандан Индиядагы мелдешке Дина Мухаметзянова, Артем Исакжанов жана Марат Мамбетакунов катышты.

Кыргыз командасынын үчүнчү этаптагы жыйынтыктары:
1-орун — аралаш жуптук эсеп (эркек/аял);
2-орун — эркектер арасындагы жуптук эсеп;
2-орун — аялдардын жеке эсептеги жарышы;
2-орун — аялдардын соло квалификациясы;
4-орун — эркектердин соло квалификациясы.

Үч этаптын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан курамасы 76 упай менен алдыда келатат. Экинчи орунда — Индия (66 упай), үчүнчүдө — Тайвань (52 упай), андан кийинки орунда — Өзбекстан (43 упай).

Азия чемпионатына жалпысынан 13 өлкө катышууда: Кыргызстан, Индия, Тайвань, Өзбекстан, Сингапур, Түштүк Корея, Австралия, Гонконг, Бангладеш, Непал, Филиппин, Шри-Ланка жана Малайзия.

Кийинки, төртүнчү этап 22–23-ноябрда Тайбэй шаарында (Тайвань) өтөт. Анда кыргыз курамасы Азия чемпиону наамы үчүн күрөштү улантат.

Scroll to Top