Кыргызстанга сырттан алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салындыКыргызстанга синтетикалык баңгизат ташып келүүгө шектелип, жети жаран кармалдыКыргызстандын төрт облусунда уруксатсыз таштанды төгүү жайларына көзөмөл күчөтүлөтКыргызстанда жерлерди тариздөө жана алып коюу эрежелерин өзгөртүү сунушталуудаБишкекте «Мажар эл жомоктору» анимациялык сериалынын көргөзмөсү өтөтХарри Кейн «Алтын топту» утуп, Дембеле, Мбаппе жана Холандды артта калтырды
Декабрда Алматы-Каракол багытындагы туруктуу түз каттамдар ачылат
10.11.2025 | 15:51

Ушул жылдын 5-декабрынан тарта Asman Airlines авиакомпаниясы Алматы-Каракол багытындагы туруктуу түз каттамдарды аткара баштайт. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» билдирди.
Каттамдар жумасына эки жолу, жума жана жекшемби күндөрү учат. Билеттердин баасы 6 миң 500 сомдон башталат.
“Бул багыттын калыбына келтирилиши аймактык авиакаттамдарды өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Алматы менен Каракол шаарларынын ортосундагы аба каттамы 2010-жылдары жүргүзүлгөнү менен, 1970-жылдардан бери туруктуу рейстер болгон эмес”,- деп айтылат маалыматта.
Жүргүнчүлөр бардык билет сатып алуу жана катталуу процесстерин онлайн режиминде www.asmanairlines.kg сайтынан же Asman Airlines мобилдик тиркемеси аркылуу сатып алса болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом