Мыктыбек Илебаев «Учур» мамлекеттик жаштар театрынын директору болуп дайындалдыБШК Жогорку Кеңештин депутаты Куванычбек Конгантиевди мандатынан ажыраттыКыргызстанда расмий түрдө Лянга федерациясы түзүлдүМэрия: Жибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн ачылышы аба ырайына байланыштуу жылдырылдыОкумуштуулар тирүү жандыктын мээсин виртуалдык чөйрөдө толугу менен эмуляциялаштыБишкекте мектепке куралдуу кол салууну пландоого шектелип окуучу кармалды
«Кыргызкөмүр» Бишкекке көмүр ташып келүүдө: дареги, баасы
11.11.2025 | 09:59

Кечээ, 10-ноябрда, Бишкек шаарынын темир жол аркылуу алты вагон (350 тоннадай) көмүр жеткирилди. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, көмүр Ден-Сяопин көчөсү 306Б дарегине түшүүдө. Көмүр тоннасына 5 миң 800 сомдон сатылууда.
Бүгүн, 11-ноябрда, аталган дарекке дагы 13 вагон көмүр ташылып келинери айтылды.
Ишкана сатып алуучулардын саны абдан көп болуп жатканын, эми шаар тургундары үчүн көмүрдү үзгүлтүксүз ташып келүүнү улантарын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом