Санитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыБир дарак кыйылса — ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты«Тоолордон бийик — бир гана элес»: Бишкекте алгачкы альпинизм музейи ачылдыБишкек менен Тбилиси муниципалитеттер аралык кызматташтыкты тереңдетүүнү талкуулаштыКыргызстанда 17 мектеп жана 3 бала бакча пайдаланууга берилдиТүштүк Кореядагы массалык мушташта кыргызстандыктар жабыркады — КР ТИМи
«Кыргызкөмүр» Бишкекке көмүр ташып келүүдө: дареги, баасы
11.11.2025 | 09:59

Кечээ, 10-ноябрда, Бишкек шаарынын темир жол аркылуу алты вагон (350 тоннадай) көмүр жеткирилди. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, көмүр Ден-Сяопин көчөсү 306Б дарегине түшүүдө. Көмүр тоннасына 5 миң 800 сомдон сатылууда.
Бүгүн, 11-ноябрда, аталган дарекке дагы 13 вагон көмүр ташылып келинери айтылды.
Ишкана сатып алуучулардын саны абдан көп болуп жатканын, эми шаар тургундары үчүн көмүрдү үзгүлтүксүз ташып келүүнү улантарын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом