Кыргызстанда халал азыктарына коюлуучу талаптар күчөтүлөт
Кыргызстанда халал азыктарга сертификат берүү тартиби катаалдаштырылат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Халал индустриясын өнүктүрүү борборунун директору Алмаз Кайырбеков «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, жаңы эрежелер халал азыктарды сертификаттоо менен алектенген уюмдардын аккредитациялоо стандарттарын көтөрүүгө багытталат. Бул рыноктогу талаптарга жооп бербеген товарларды алып салууга жана улуттук стандарттарды эл аралык деңгээлге алып чыгууга мүмкүндүк берет.
Кайырбеков белгилегендей, айрым кошулмалар, мисалы, желатин жана азык-түлүк боёкторунун келип чыгышы лабораториялык текшерүүнү талап кылат.
«Бул диний гана эмес, экономикалык да мааниси чоң маселе. Халал индустрия — миллиарддаган рынок жана Кыргызстан бул тармакты активдүү өнүктүрүшү керек», — деди ал.