Манас шаарында тойдо кыз жигитинин тили менен эриндин бир бөлүгүн тиштеп алды

12.11.2025 | 15:20

Жалал-Абад облусунун Манас шаарында өзгөчө окуя болду, тили жана ылдыйкы эрининин бир бөлүгү жок жигит ооруканага түштү. Бул тууралуу маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Окуя 8-ноябрга караган түнү болгон.

26 жаштагы С. уулу Н. өзүнүн 19 жаштагы сүйүктүүсү менен досунун тоюна барышкан. Алар спирт ичимдиктерин ичишкен. Андан кийин алар четке чыгып, өбүшүп жаткан учурда кыз жигитинин тилинин жана ылдыйкы эриндин бир бөлүгүн тиштеп алган. Жигит оор абалда жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Бардык зарыл соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери улантылып жатат.

Scroll to Top