Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Эми мектептер да электр энергиясын үнөмдөөгө тийиш
12.11.2025 | 15:00

Агартуу министрлиги билим берүү уюмдарында энергияны үнөмдөө чаралары киргизилгенин билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечим Министрлер кабинети тарабынан 5-ноябрда электр энергиясынын тартыштыгын азайтуу максатында кабыл алынган.
“Бардык сабактар бүткөндөн кийин 60 мүнөттөн кечиктирбестен, тазалоо иштери бүткөндөн кийин электр менен камсыздоо өчүрүлүүгө тийиш. Имараттын иштешин жана сакталышын камсыз кылуучу инженердик системалар жана жабдуулар бул чектөөгө кирбейт”,- деп айтылат маалыматта.
Министрлик ошондой эле бул талаптар окуучулардын жашоо-тиричилигин камсыз кылуучу объектилерге жана жатаканаларга колдонулбай тургандыгын кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом