Чүй облусунда ири көлөмдөгү баңгизат менен чет элдик жаран кармалды
Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, укук коргоо кызматкерлери баңгизатты өзгөчө ири өлчөмдө сактоо жана сатууга шектелген чет элдик жаранды кармашты.

11-ноябрда Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө Ново-Покровка айылындагы «Тойбосс» ЖЧКсынын жанында кол сумкасы бар, анын ичинде баңгизат болушу мүмкүн делген белгисиз эркек киши жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери дароо көрсөтүлгөн дарекке барышкан, бирок шектүүнү Ново-Покровка — Чоң-Далы автоунаа жолунун боюнан, БЧКнын жанынан кармашкан.
Ал 23 жаштагы М.М.Х. аттуу чет элдик мамлекеттин жараны болуп чыкты, Бишкек шаарында жашайт. Анын сумкасынан жалпы салмагы 116,1 грамм болгон 24 даана резина капсула түрүндөгү психотроптук заттар табылган.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери улантылууда.