Кыргызстанда 2027-жылдын январынан тарта бир катар социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйөтЖылуу күндөрдү узатабыз: Бишкектин борборунда кайсы жайкы аянтчаларда отурса болотБазар-Коргондо таштанды полигонунун экологиялык паспортунун мөөнөтүн узартпаганы үчүн айыл өкмөтүнө айып салындыЖалал-Абаддын Кербен шаарын айланып өтүүчү жаңы унаа жолу салынуудаКыргыз улуттук драма театрынын 100 жылдыгына карата атайын мастер-класстар өтөтТажрыйба алмашуу, каттамдарды өнүктүрүү: «Манас» жана «TRIWO Hahn» аэропорттору кызматташат
Кемин районунда ак илбирс байкалды: жырткыч дарактан аман-эсен түшүрүлдү
30.12.2025 | 19:00
Кемин районунун Боролдой айылында Кызыл китепке кирген ак илбирстин пайда болгону катталды. Окуя 29-декабрда саат 23:20 чамасында болгон.
КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматы боюнча, жырткыч калктуу конушка түшүп келип, бакка чыгып кеткен. Жерине ыкчам түрдө «Чоң-Кемин» мамлекеттик жаратылыш паркынын егери Ж. Чокоев жана мергенчи У. Абыканов барышкан. Адистер зарыл болгон иш-чараларды жүргүзүп, жаныбарды жерге аман-эсен, коопсуз түшүрүүнү камсыздашты.
Ак илбирс — Кыргызстандын мамлекеттик символу. Анын калктуу конуштарга жакын жерде пайда болуу фактысы өлкөнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо программасынын алкагында тармактык кызматтардын көзөмөлүндө турат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом