Кыргыз-тажик чек арасынын дээрлик 116 чакырымына зым тартылды

13.11.2025 | 12:01

12-ноябрга карата Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын 115 чакырым 958 метр аралыгына зым тартылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен Баткен районунда 84км 806 м, Лейлек районунда 31км 152,5 м аралык тосулган. Ошондой эле чек ара тосмосун бойлой 176 чакырым жол салынган.

Учурда чек араны тосуу жумуштары Лейлек районунун Максат айылынын аймагында жүрүүдө.

Мындан тышкары чек араны демаркациялоо иштерин илгерилетүү үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан чек ара сызыгы өткөн аймактардан турак үй, короо жай, бак дарактарды алуу иштери жүрүп жатканы айтылды. Лейлек району боюнча 108 объект бузулуп алынган. Өкүлчүлүк жарандар бул иш аракеттерге түшүнүү менен мамиле жасап жатканын кошумчалады.

Эске салсак, 2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек ара боюнча келишимге кол коюшкан.

31-мартта Худжанд шаарында Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Ратификациялык грамоталар менен алмашуу жөнүндө протоколго кол коюшкан.

Scroll to Top